
Жаңы жашоомду баштап келе атканда күйөөм кайра пайда болду. Эмне кылсам?
13-жалган куран, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваСаламатсыздарбы сиздерден кеңеш керек мага. Менин бир кызым бар 3 жаштан ашты жолдошум экөөбүз келишпей эки жака кеткенбиз.
Жаңы өзүмө келип жаны жашоомду баштап келе атканда күйөөм кайра жашайлы баарын түшүндүм эми кирдим акыл эсиме деп жатат. Көрбөгөндү көргөздү эле кайненем экөө. Кайненем ата-энем менен бир туугандарым менен сүйлөштүрбөй койду эле связды узөсүң алар менен деп кысым көргөзчү. Бир эмес эки адамдын кысымына чыдабай кетип калгам чет жакка кызымды алып. 1 жыл иштеп келдим
. Эми болсо жолдошум ортодо кыз бар кел жашайлы деп жатат. Бирок кайненем болсо каршы болуп квартирага чыгып жашагыла деп каршылыгын көргөзүп жатат кайнатам болсо жашоодо баары болот сабыр кылып жашаш керек деп жатат. Үйүбүздү жолдошум экөөбүз ичин бүтүрүп келатканбыз акырындап. Кантип кандай эне өз баласына ушундай кылат башым катып калды. Менин ата-энем жок жашабай эле кой дагы кыйналасын деп коюшту. Сени окутуп баарын кылып жатабыз баары жакшы болот деп жатышат. Эмне кылсам эч жашоого көңүлүм жок болуп жатат.
Булак: Аргумент.кж