
Жаңы алган келинибиз кийим, телефон алдырып алып жигитине качып кетти
12-чын куран, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваКелинибизди иним өзү тандап сүйүп алган. Той берип кыргыздын каада салты менен үйүнөн алып чыгып кеткенбиз. Москвага барып кыз кылыктарын көргөзүп, акыры эки жолго түшкөн. Инимден кеткенден кийин иним каттуу кыйналып, бирок бир эки ай иштеп Кыргызстан га кетмей болгон. Бирок жүрөккө буйрук бере албай болбойтпу, элдешкенге аракетин жасаган экен. Мага чалып «эже мен жашайм, биз элдешебиз дегенде сүйсөн жаша»- дедим. Көрсө ал кыз сезимдерин ойноп пайдаланып жүрүптүр. Акыры ал кыз акчасын жеп, качыптыр. Чалса такыр албай, кыйнап намысына шек келтирген сөздөрд жазган экен. Акыркы күнү билет алып үйгө жатып эртеси узаткам. Кучактап узатканымда инимдин көздөрүн мундуу эч качан унутпаймын. Ошентип кетти. Жетип ал жактан үйдөгүлөр тосуп алды. Эртеси мага туугандар келип үйүмө «пендечилик кыл, инин асынып алды»-деп жүрөгүм тилинип жатып калдым. Бардым жерге бердик. Милициалар телефонун ичин ачып акыркы аялы менен жазган смстери бар экенин айтышты. Ал жакта инимди кемсинткен, жакшы жата албайсын. Сен эркек эмессин,жашоодо бир мени кандыра албай жүрөсүн өзүндү эркек сезип»жана дагы оор сөздү жазыптыр. Кыздын туугандарына чалып айтсак беттен алышып такыр связдан жок болушту. Милицияалар арыз жазгыла десе мени туугандар тыйды ичимден сыздап кала бердим. Адамдар ушунчаалык көнүлдү көр кылып сүйүүнү алсыз деп шылдындап калган заманбы азыр?