2021-жылдын 31-июлунда Өзгөн аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 20 жаштагы келин каза тапты. Кызынын өлүмүнө медицина кызматкерлерин күнөөлөгөн Айгүл Камбарова Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына окуянын чоо-жайын айтып берди.

«Кызым 18-июль күнү толготуп, күйөө балам жана кудагыйым Өзгөндөгү төрөт үйүнө саат 03:00дө алып келишиптир. Эртең мененки саат 06:30да кызым төрөптүр. Төрөгөндөн кийин кызым менен эки ирет видеочалуу аркылуу байланышкам. Мен Москвада болчумун. 27-июлга билет алгам. Кызым төрөгөндөн кийин башы ооруп, эки ирет медайымдан: “башым ооруп жатат, дары бересиздерби” деп сураныптыр. Бирок медайым кайдыгерлик кылып дары берген эмес. Кийин куса баштап, тарамышы тырышып, кызым кыйналып жатканда гана дарыгерлер карай башташкан. Ага чейин эч бири көңүл бурган эмес. Төрөткөн дарыгер дагы кабыл алуу китепчесине кан басымы жогору экенин жазбай, кезметин тапшырып, 2 миң сом сүйүнчү акчаны алып, өзү кетип калган. Кезметти кабыл алган дарыгерлерге да акча бериш керек окшойт. Же сүйүнчү алган дарыгер бөлүшүш керек экен. Алар акча албаганы үчүн кызымды такыр карабай таштап коюшкан. Ал кыйналып ооруп жатса да карашкан эмес. Кызым 19-июль күнү реанимацияга түшүп калды. Мен 20-июль күнү Москвадан учуп келдим. Кызыл зона деп ооруканага да эч кимди киргизбей, же кызымдын катуу ооруп жатканы тууралуу эч кимге айтпай отура беришкен. Кийин бизге уруксат бергенде кирсем, кызым комада экен. Мен сакайып кетет деген үмүт менен жүрдүм. 9 күн комада жатканда аппараты бузулуп, кызым 5 сааттай жасалма желим бөтөлкө сыяктуу аппарат менен дем алып жатты. Кызым ошондон кийин оорлошуп кетти. 11 күн болгондо кызымдын сөөгүн колума карматышты. Өзгөн аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмү коррупциялашып бүтүптүр. Техникалык кызматкерине чейин акча бербесең карабайт экен. Мен Өзгөн РИИБге, Өзгөн райондук прокуратурага бул боюнча арыз жаздым. Мага кийин төрөткөн дарыгер иштен кетти деп айтышты. Ал дарыгер пенсия жашындагы, колу титиреп калган дарыгер экен. Аны айдабаса деле кетмек. Күнөөнүн баары медайымда болуп жатат. Кызым ооруп жатам дегенде эле көңүл бурган эмес. Мен Өзгөн РИИБге кайра барсам, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга электигин айтышты», – деди А.Камбарова.

Өзгөн райондук жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун жетекчиси Бермет Мамасадыкованын айтымында, бул иш укук коргоо органынын кызматкерлери тарабынан каралууда.

«20 жаштагы келин каза болду. Бул боюнча Ош облусунда да жыйын болуп каралды. Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан иш каралып жатат. Төрөткөн дарыгер иштен четтетилген, тиешеси бар кызматкерлер суралып жатат. Тергөөнүн жыйынтыгы менен дагы чара көрүлөт», – деди ал.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы учурда тергөө жүрүп жатканын билдиришти.

«2021-жылдын 6-август күнү Өзгөн районуна караштуу Төрт-Көл айылынын 1975-жылы туулган тургуну А.К. арыз менен кайрылган. Анда медицина кызматкерлери кызын карабай коюп, төрөттөн кийин каза болгонун жазган.

Аталган факт Өзгөн РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 152-беренеси («Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу») менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. 2001-жылы туулган А. кызы Г.нын каза болгондугунун себебин тактап, аны караган ооруканада иштеген кызматкерлердин аракетине юридикалык баа берүү максатында тергөө иштери жүрүп жатат.

Каза болгон А. кызы Г. Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Ана-Кызыл айылында туулуп-өскөн. Мектепти аяктаган соң Бишкек шаарындагы медреселердин биринде 2 жыл билим алып, пандемияга байланыштуу айылга келген. 2020-жылдын сентябрь айында аталган айыл өкмөттөгү Шоро-Башат айылындагы жигитке турмушка чыккан. Жыл айланбай төрөттөн соң бул дүйнөдөн кош айтышкан.

Маркум үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү болчу. Учурда анын уулун кайын энеси багып жатат.