Саясат

Өзгөн шаарынын мэри тургундарды өзбек тилинде куттуктаганы үчүн сөгүш алды

штогу Өзгөн шаарынын мэри жергиликтүү жашоочуларды мамлекеттик тилде куттуктабаганы үчүн сөгүш алды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

30-октябрда Өзгөн шаарынын күнү белгиленген. Мэр шаар күнүндө тургундарды мамлекеттик же расмий тилде куттуктабай, өзбек тилинде куттуктаган. Куттуктоо учурунда тартылган тасма социалдык тармакка тарап, талкууга алынган.

 

Өзгөн районунун акими Мурат Раматов Өзгөн шаарынын мэри Нодирбек Каримовго 1-ноябрь күнү сөгүш жарыялаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *