
Зеленский баштын акчаларын жеп жатат
06-теке, 2023-ж // Без рубрики // Айпери ОсмоналиеваРоссия менен Украинанын согуштук жаңжалы ана токтойт, мына токтой дегени менен уланууда. Анткени саясий баяндамачылар согуш факты жүзүндө Россия менен Украинанын ортосунда эмес Батыш менен Россиянын ортосунда журүүдө. Батыш Украинага акча, курал берип Россияны алсыратуу оюн негизги план катары кармап турат. Бирок жакында Украинанын аскерлери катуу контр чабуул жасап, жеңишке жетет деген максат талабы фронтто ишке ашпай келүүдө. Батыш өлкөлөрү Украинаны контр чабуулду күчөтүүнү талап кылууда. Бирок ММкалар билдиргендей Батыш деле Укранинанын жеңишине ишенбеген сыяктуу. Айрымдары август айы чечүүчү ай болуп Зеленский жеңилүүгө аргасыз болот деп айтышууда. Чын эле ошентеби? Буга так жооп берүү мүмкүн болбой калууда. Кээ бирлери Зеленский жана тегерегиндегилер Батышкан келген акчаларды кымырып коррупцияга катуу малынды деп да жатышат. Чындык кайда? Жаңжал качан токтойт. Бул суроолор учурда жообу жок калууда.
Булак: argument.kg