Өзбекстанга элчиликке аттанган Фархат Иминовдун артынан жаңжал чыкканда

Раматылык Айдар Акаев менен жүрүп, ити чөп жеп, андан кийин Максимдин этегине эрмешип, жакасына жармашып жүрүп дос болуп, «күн тийген жердин чоросу» болуп жургөн Фархат Иминов деген эргул бар.

2015-жылы «Республика – Ата Журт» партиясынан депутат болгон. 2017-жылы үстүнөн иш козголуп, мандатын өткөрүп, дыргаяктап Кытайга кире качкан. Эми ошол куйругуна байланган калбырын калдыратып-шалдыратып, Фархат Иминовду Өзбекстанга Кыргызстандын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындоого сунушталып, анын талапкерлигин чимкирик парламенттин эл аралык байланыштар боюнча комитети жабык эшик артында карап, өткөрүп жибериптир (1) деген кептер тарады.

Ал комитетти «гомосексуализм» деген сөздү окуп бере албай «гомо, гомосекс…» деп тердеп-тепчип жатып кутулуп, кийин коомчулук тарабынан «сексалю» атка конгон Тазабек Икрамов жетектейт экен.

Депутат Тазабек Икрамов элчи деген өлкөнүн жүзү болорун деле билбейт окшойт. Эми элчилик орундар да сатыла баштаганбы? Болбосо, Кыргызстан үчүн эч нерсе кылбай, качан болсо өз кызыкчылыгын көздөгөн Ф.Иминовду уялбай элчи кылып жаткан бийлик эмнени көздөп жатат?

Өзбекстанга элчи боло турган аттуу-баштуу коомдук ишмерлер, ыйгарым укуктуу элчилер калбай калса бир жөн.

Булак: Азия News гезити

Add your comment

Your email address will not be published.