Казакстандагы толкундан чочулаган Өзбек бийлиги журналисттер менен блоггерлерге митинг тууралуу маалыматтарды чагылдырууга тыюу салды. Бул тууралуу «Азаттык» үналгысы жергиликтүү блоггерлерге шилтеме берүү менен билдирди .

Анын айтымында, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана социалдык тармактардагы активисттер укук коргоо органдарына чакырылып, «бул темага азыраак жазгыла», «видеолорду таркатпоону», «митингге чакырбоону» суранышууда.

Белгиленгендей, коңшу өлкөдөгү окуяларды чагылдырууга тыюу Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматы тарабынан киргизилген.

«Телевидениеде иштеген досум мындай буйрук атайын кызматтан келгенин айтты. Кошумчалай кетсек, маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин өкүлдөрү да бул атайын кызматтын буйругу экенин мойнуна алышты», — деп билдирет Өзбекстандагы окуяны атын атоодон баш тарткан блогер.