Запорожье облусунда аскердик кагылышуу уланып жатканы кабарланды

Запорожье облусунда аскердик кагылышуу уланып жатканы кабарланды

05-кулжа, 2023-ж // Дүйнө кабары // Айпери Осмоналиева
Запорожье облусунда согуштук аракеттер уланып жатат. Бул тууралуу «Биз Россия менен чогуубуз» коомдук кыймылынын башчысы Владимир Рогов Telegram каналына  жазды.
«Кечээ күнү башталган кагылышуу бүгүн таң эрте, саат 04:00дөн тарта кайрадан уланды. Душман кармашка кечээкиден дагы көп күч тартты. Учурда салгылашуу болуп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Каршы тарап Новополь, Приютное, Новодаровка, Ровнополь айылдарына басып кирүүгө аракет кылууда. Бул — Запорожье облусу менен ДЭРдин чек арасына жакын жер.
Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги 4-июндун таңында Украинанын Куралдуу күчтөрү фронттун беш жеринде масштабдуу чабуулга өтүп, бирок максатына жетпей калганы кабарланган.
Булак: Аргумент кж