Замир Арыкбаев: «Фонограммасыз ырдоо талабы аткарылышына ишенбей турам…»

Замир Арыкбаев: «Фонограммасыз ырдоо талабы аткарылышына ишенбей турам…»

09-үчтүн айы, 2023-ж // Шоубизнес // Айпери Осмоналиева

Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов фонограмма менен ырдоого тыюу салган.

Мындай жагдай тууралуу ырчы Замир Арыкбаев пикирин Govori.TV га билдирди. Ал бул чечимди колдой турганын, ошол эле учурда талаптын аткарылышына ишенбей турганын айтты.

«Маданият министрлиги өздөрүнүн колу жеткен нерсесин жасап жатат да. Мен негизи муну колдойм. Анткени элдер жазып жатышпайбы бизге. «Жандуу аткаруу керек, биз андан рахат алуубуз керек»,-деп. Чындап эле ошондой да. Жандуу, чын жүрөктөн аткарылган ыр эл менен тыгыз байланыштырып, аларды жакшы бир рахатка бөлөп, сонун кыялдарга чакырат. Негизи концерттер ошондой өтүшү керек. Бирок, бул талаптын аткарыларына ишенбей турам. Анткени буга чейин деле мындай талап болгону менен, аткарылбай келет. Ошон үчүн бул мыйзамдын иштеп кетишине көзүм жетпей турат»,-деди Арыкбаев.