
СССРдин эл артисти Б. Кыдыкеева 20 күн моргдо жаткан
29-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБул дүйнөдөн кимдер гана өтпөгөн. Жараткандын жарчысы Пайгамбарларда өткөн. Алар өтүп кеткен соң, өтпөгөн эч ким болбойт. Тоосу бийик заңкайган нечен залкарлар кетти. Алардын арасында ажал аралаган СССРдин эл артисти, кыргыз сулуу аялзаты Бакен Кыдыкеева эжебиз бар. Студент кезимде чыгармачылыкка табитим тарткандыктан театрга, музейге, циркке көп барар элем. Ошондо улуу адамдарды көрүп, сүйлөгөндөрүнө кулак төшөп калчумун. Мен үчүн алардын сүйлөшкөндөрү кызык эле. Чыгармачылыкты ошолор менен бирге тааныдым. Бүгүн китеп жазып образ берген мага кызык. Бир күнү Фрунзе шаарынын (анда Бишкек Фрунзе шаары эле) Айнек заводунун жанынан Бакен эжебиз таяк таянып кетип бараткан экен. Жанына жакындап кошо басып калдым. Эжени сөзгө тартып сүйлөштүм. Эже үнүн бийиктетип шакылдап шар сүйлөп берди. Сөзүнө караганда мүнөзү да ошондой окшойт. «Биз сахнада сыйкырлуу, сүрдүү, жан дүйнөбүз дүйнөнү чапчып, күчүбүз ашып-ташып көрүүчүлөргө көрүнөбүз. Ал эми жай турмушта минтип таяк кармап араңдан жайлап басабыз»- деп айтты. Азыр ойлосом эже кыйналып жүргөн кези окшойт. Көп өтпөй эле Бакен Кыдыкеева эжебиздин сөөгү моргдо бир нече күн жатып калыптыр деген кабарды угуп капа болдум. Бүгүн дагы ошол күндү эстеп кайгырам. Дегиле залкарлар тирүүсүндө мамлекетке керекпи?, же өлгөндө эстеп турганга өмүрү керекпи? Бакен эжебиздин бейиши болсун!
Куттумидин Базаркулов