
Ысык-Көлдүн сел жүргөн айылдарында 100дөй үйдү суу каптады
08-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЫсык-Көлдүн Түп районундагы селден улам 100гө жакын үйдү суу каптады. ӨКМнын маалыматы боюнча, Талды-Суу айылында 28, Корумду айылында 40тан ашык, Көөчү айылында 24, жалпысынан алганда болжол менен 92 турак үйдүн короосун, жер төлөсүн жана ички чарбалык жолдорун, айдоо талааларын суу каптаган.
Бүгүн, 8-августта аталган айылдарга күч-каражаттар тартылып, тактоо жана табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине жалпы 103 куткаруучу чыгышты.
Белгилей кетсек, 7-августта нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон чогулган сел суулары жогоруда аталган айылдарды каптаган.
Булак: Аргумент кж