
Ысык-Көлдөн 22,5 тонна таштанды чыгарылды
17-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЫсык-Көлдөн 210күндүн ичинде 22 тонна 506 кг таштанды жана 162 миң 300 метр балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Суучулдар Ысык-Көлдө 13-14-ноябрь күндөрү балыкчылардын эски жана жаңы торлорун чыгарып, кармалган балыктарды сууга коё беришти.
Алар Түп районунун Ой-Тал, Кутургу айылдарынын тушунда жана Николаев булуңунда тазалоо иштерин жүргүзүп, балык кармоочу торлордон жана ар кандай таштандылардан арылтышкан.
Белгилей кетсек, көлдү тазалоо иштери президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде аткарылууда.
Булак: Аргумент кж