Коом

Ысык-Көлдөгү жолдо жаш кыз көз жумду

 Ысык-Көл районунун Тамчы айыл аймагына караштуу Чырпыкты айылында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсык катталды.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 32-чакырымында «Тойота-РАФ4» жана «Тойота Ярис» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Анын кесепетинен жаш кыз каза болуп, 3 адам жабыркаган (аты-жөнү такталууда).

Окуянын күбөлөрү тарабынан тартылган видео:

Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, жабыркаган жарандарды тез жардам кызматынын унаасына салып беришкен. Ал эми каза болгон кыздын жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *