Ысык-Көлдөгү дүкөндөргө желим баштыктарды чыгарууга тыюу салынды

Ысык-Көлдөгү дүкөндөргө желим баштыктарды чыгарууга тыюу салынды

02-кулжа, 2023-ж // Без рубрики // Айпери Осмоналиева
Ысык-Көл облусундагы бардык дүкөндөрдө кардарларга желим баштыктарды берүүгө тыюу салынды.
Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Орунбеков Чолпон-Атадагы чакан дүкөндөн сатып алганын, бирок пакетти беришпегенин айтты.
 "Бүткүл облус боюнча тыюу салынган экен. Эл дүкөнгө чүпүрөк баштык менен барышат, чоң дүкөндөрдө кагаз баштыктарды   
 беришет.
 Бул тажрыйба башка аймактарга да жайылышын каалайт элем"

-Орунбеков билдирди

БУЛАК:Аргумент кж