Ысык-Көлдө эне менен баланын жансыз денеси үйүнөн табылды
02-бирдин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваЫсык-Көл облусунда эне менен баланын жансыз денеси үйүнөн табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-февраль күнү кечки саат 20:00 чамасында Кашат айылындагы турак үйдөн 1967-жылы туулган И.Ж. аттуу аялдын жана анын 1992-жылы туулган уулу И.К.нын жансыз денелери табылган. Бул окуя Ысык-Көл РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
“Окуя болгон жерге Ысык-Көл РИИБинин жана Ысык-Көл ОИИБдин тергөө-ыкчам тобу чыгып барган учурда үйдүн кире бериш бөлмөсүндө эне менен бала башынан катуу нерседен жаракат алып, каза болгон жансыз денелери жаткан. Алдын ала териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда, кылмышка шектүү катары ушул эле айылдын жашоочусу аныкталып, азыркы учурда издөөгө алынды.
Азыркы учурда Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү жана облустук милиция кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүш иштер боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмышка шектүү жаранды издөө жана кармоо иш-чаралары улантылып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”, – деп жазылат маалыматта.