Ысык-Көлдө эс алып жүргөн ата-баланы сабашкан

Ысык-Көлдө эс алып жүргөн ата-баланы сабашкан

17-баш оона, 2023-ж // Без рубрики // Айпери Осмоналиева

Ысык-Көлдө жергиликтүү жаш жигиттер тарабынан эки эс алуучунун сабалышы боюнча окуянын катышуучуларынын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан ырасташты.

Белгилүү болгондой, 16-августта соцтармактарга Ысык-Көлдө скутерди ижара берген балдар эки адамды сабап жатканы тартылган видео тараган. Окуя Кош-Көл айылындагы  көл жээкте болгон.

Аталган факт милиция дароо каттоого алып, териштирүү иштерин баштаган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө эки жаранды ур-токмоко алган делип 18 жаштагы (А.Ж.) Бишкектин тургуну жана Кош-Көл айылынын эки жашоочусу (С.А., Б.Э.) кармалып, милицияга жеткирилген.

Ошондой эле милиция сабалган эки жарандын өздүгүн аныктаган. Алар 55 жаштагы С.Д. жана анын уулу — 27 жаштагы С.Э. болгон. Алар Кыргызстандын жарандары болушат, учурда Казакстандын Алматы шаарында жашашат. Жабыркагандар милицияга арыз жазган.

Кармалган үч жаш жигит камакка алынган эмес. Милициядан белгилешкендей, кармалгандар мурда соттолгон эмес, качып кетет деген коркунуч жок болуп, өздүктөрү, жашаган жерлери маалым болгондуктан алар 48 саатка камака алынган эмес.

Учурда ур-тепкиге алынган эки жарандын алган жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.