Ысык-Көлдө дүкөндө эркек киши 16 жашар кызды зордуктаган

Ысык-Көлдө дүкөндө эркек киши 16 жашар кызды зордуктаган

23-үчтүн айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева
Ысык-Көл облусунун тургуну жашы жете элек кызды зордуктаганы үчүн жети жылга эркинен ажыратылды. Чечим
Жогорку соттун сайтына жарыяланды.
Кылмышка шектелип жаткан О.Д.В. жеке магазинге кирип, ал жердеги 16 жашар кыздын алсыздыгынан пайдаланып, аны зордуктаган. Кетээр алдында ал кызды коркутуп, кылмыш изин жашырууга аракет кылган. Дайындалган экспертиза зордуктоо фактысын тастыктады.
Соттук отурумдун жүрүшүндө О.Д.В. кылган күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.
Жабырлануучу кыздын апасы эртең менен дүкөнгө келгенде, дүкөндүн эшиги ачык болгон. Андан соң, кызы аны түн ичинде бир киши зордуктап салганын айткан. Аял ошол эле күнү милицияга арыз менен кайрылган. Милиция кызматкерлери зордуктаган адамды мас абалында жолдо уктап жаткан жеринен таап, кармашкан.
Ак-Суу райондук соту О.Д.В.ны күнөөлүү деп таап, 7 жылга эркинен ажыратып, жалпы режимдеги тарбиялоо колониясында жаза өтөө
чечимин чыгарды.