Ысык-Көлдө жеке балдар лагеринде эс алып жаткан жашы жете элек өспүрүм сексуалдык зомбулукка кабылды. Бул тууралуу  укук коргоо органдарына таянуу менен “Svodka.AKIpress” агенттиги жазып чыкты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя 7-августта Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында жайгашкан жайкы лагерде болгон.

Үч эс алуучу 2007-жылы туулган өспүрүмдү бөлмөгө сүйрөп барып, күч колдонуу менен сексуалдык зомбулук көрсөтүшкөн. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 162-(“Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер”) беренеси боюнча катталды.