Ысык-Көлдө 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды

Ысык-Көлдө 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды

16-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Азербайжан өлкөсү менен Ысык-Көлдө 5 жылдыздуу мейманкананы куруу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.

Мейманкана Кара-Ой айылында курулат. Анын жалпы аянтты 17 гектарды түзөт. Кыргызстан жерди 49 жылга ижарага бөлүп берүүдө.

Инвестор 3 жылдын ичинде мейманкананы куруп бүтүшү керек.
Булак; Аргумент кж