Ысык-Көлдө 14 жаштагы кыздын кош бойлуу экени аныкталды
24-чын куран, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваТүп районунда 14 жаштагы кыз кош бойлуу экени аныкталды. Бул тууралуу «Репортёр» басылмасы облустук милициянын маалыматына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, 19-апрелде 39-жаштагы жаран арыз менен кайрылып, анын 14 жаштагы кызынын боюда бар экендигин билдирип, 16-жаштагы баланын үстүнөн мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн билдирген.
Аталган факты боюнча 164-берене (Он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Учурда, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө.