
Ысык-Көл жана Түп райондорунун акимдери иштен бошотулду
24-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЫсык-Көл облусунун Ысык-Көл жана Түп райондорунун акимдери кызматынан бошотулду.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Жумадылов Калыбек Аманатович өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду.
Ошондой эле, президенттин башка жарлыгына ылайык, Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими Адиев Каныбек Маматбекович өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду.
Булак: Аргумент кж