
Ысык-Көл облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
12-чын куран, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева11-апрелде Ысык-Көл облусунда саат 23:08 де күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында 3,5 балл, Чоң-Кызыл-Суу айылында 3 балл, Ак-Суу районунун Подгорный, Теплоключенка айылдарында жана Каракол шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдө жабыркагандар жана кыйраган үйлөр катталган жок.
Булак:Аргумент кж