Ысык-Атадан эң көп добуш алган Акбөкөн Таштанбеков УКМКнын абагына камалды

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Акбөкөн Таштанбековдун үстүнөн улуттар жана аймактар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондой эле БШК кечээ, 6-декабрда А.Таштанбековду Жазык кодексинин 330-беренесинин (“Улуттар жана аймактар аралык кастыкты козутуу”) 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча жоопкерчиликке тартууга макулдук берди.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту А.Таштанбековдун баш коргоо чарасын карап, тергөө аяктаганча камакка алуу жөнүндө чечим чыгарды.

БШКнын маалыматы боюнча, Акбөкөн Таштанбеков №30 Ысык-Ата бир мандаттуу округунда эң көп добуш топтогон.

Add your comment

Your email address will not be published.