
Ысык-Атада жаңы төрөлгөн ымыркай энесиз калды
12-үчтүн айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЫсык-Ата районунда жаңы көз жарган 19 жаштагы келин кайтыш болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин башкы гинекологу Раиса Асылбашева билдирди.
Анын айтуусуна караганда, келин баласы менен райондук төрөт үйүнөн чыгарылган.
«Жаш келин медициналык мекемеде каза болгон эмес. Азыркы учурда окуянын чоо-жайын териштире турган атайын комиссия түзүлдү», — деди ал.