
Ысык-Атада каза болгон окуучунун өлүмү тууралуу милиция маалымат берди
11-жалган куран, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЫсык-Атада каза болгон окуучунун өлүмүнө байланыштуу соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя февраль айында Ысык-Ата районун Сары-Жон айылында болгон. Анда милицияга 2010-жылы туулган С.Д. атту жаш өспүрүм каза болгондугу боюнча маалымат түшкөн.
Аталган факт Ысык-Ата РИИБге катталып тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүү учурунда окуя боюнча төмөндөгүдөй жагдайлар аныкталып, 22-февраль күнү А.Сакебай атындагы орто мектептин спорт аянтчасында 2010-жылы туулган С.Д. чогу окуган классташтары менен топ ойноп жатып өзүн жаман сезип, дем алуусу оорлоп, бир нече убакыттан кийин эс учун жоготуп кулаган. Окуучунун туугандары райондук ооруканга алып бараткан учурда жолдон каза болгону такталган.
Бул окуяны тактоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда экспертизанын корутундусу чыга элек.