Ырыс Жоомартова: «Алтындай убактымды акылсыздарга арнабайын деп чечтим»

Актриса, режиссер Ырыс Жоомартова айланасындагы кээ бир пайдасыз
жакын адамдарынан баш тартарын өздүк баракчасына билдирди «Алтындай убактымды акылсыздарга арнабайын деп чечтим. Ак көңүл, берешен, ичимде жаман нерсе жок, көралбастык жок, дардандап, баарына жардам берүүгө даяр элем. Бирөөлөрдүн жүктөрүн кошо көтөрүп эле келатам, бирөөлөргө жардам берип эле келатам. Ошондуктан пайдасы жок, жакшылыгы жок, түшүнүгү жок, билими тайкы адамдар менен чогуу жүрүүдөн баш тарттым. Бүгүндөн баштап түшүнүгү тайкы адамдар менен чай үстүндө баарлашуу жана башка пайдасыз иштердин баарын токтоттум. Жакшы мамилени түшүнбөй, башкарып алгандарын кантесиң! Акылсыз көөдөндөр менен көчөлөп жүргүчө, үйдө китеп окуп жатканым артык. Мындан ары бир гана эмгек жана үй-бүлө!» деп жазган ал.