Коом

Ырчы жаш баласын алдына отургузуп алып айдаган

Ырчы Дайыр Исмадияровдун социалдык тармактарга унаасынын алдына жаш баланы отургузуп алып, айдаган видеосу тарады.

Видеодон ырчы унааны айдап бара жатканын көрүүгө болот.

Милициянын кайгуул кызматы бул окуя Ош облусунун Өзгөн районунда болгонун билдирди.

“Бизде азыр тактоо иштери жүрүп жатат. Эгер айдоочу Бишкек шаарында болсо анда ага протокол толтурулат”, – деди милициянын кайгуул кызматынан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *