Шоубизнес

Ырчы Малика Дина мурунку күйөөсү менен жакшы мамиледе экенин ачыктады

24-октябрда Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде ырчы Малика Дина кызы Айгүндүн урматына той өткөрдү. Ырчы кызыны атасы менен тааныштырды.Бул тууралуу өзү Инстаграм баракчасына жазды:

 

«Экөөбүз жакшы мамиледебиз. Бизди ортобуздагы кызыбыздан башка эч нерсе байланыштырбайт. Ата-энелердин мамилеси өсүп келе жаткан өспүрүмдөргө таасир этет. Мен кызыбыздын бизди жакшы мамиледе болгонубузду көрүшүн каалайм. Жолдошум учурда бойдок. Мен ага чын жүрөктөн бакыт каалайм. Мен мындан ары бул темага кайрылгым келбейт. Ар бир үй-бүлөгө чексиз бакыт каалайм», — деген Малика Дина 7 жыл мурун тарткан клибин дагы сторис функциясына коюп: «Бул ыр баштан аяк менин жашоомду баяндайт. Көпкө созулган жана жан дүйнөнү ооруткан окуя. Сүйгөн жүрөктөргө кайрыларым — дос, курбу болумуш болуп жүргөндөргө кулак салбагыла, башкалардын айткан ар кандай пикирлеринин таасиринен канчалаган үй-бүлөлөр урап жатат. Албетте, күнөө бир тараптан эле кетпейт, мамиле 2 адамдын ортосунда куралат жана ал бузулса анда аны 2 тарап тең бузган болот», — деп жазган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *