Ырчы Курал ЧОКОЕВ: “Уул кызым менин жолумду жолдошун каалабайм”

Ырчы Курал ЧОКОЕВ: “Уул кызым менин жолумду жолдошун каалабайм”

24-кулжа, 2023-ж // Шоубизнес // Айпери Осмоналиева

Сахна жылдызы гана болуп калбастан актердук чеберчилиги менен да таанымал болгон Курал Чокоев менен маек курдук.

-Саламатсызбы Курал мырза, чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү дайыма изденүүдө болот эмеспи, жаңы чыгармаларынызга күбө боло алабызбы?

-Мен өзүм ретро ырларга көп көңүл буруп, терең маани берип карайм. Менин аткаруумдагы ырлардын  басымдуу бөлүгү ретро ырлары. Жакында эле Асылбек Өзүбековдун “Өмүр зымырайт” аттуу ырын жаңыча иштеп, ютуб каналыма жүктөдүм. Кудайга шүгүр 700 минге жакын адам көрдү. Бул да болсо ырым элдин жүрөгүнөн орун алганы болуп саналат.

-Акыркы кездерде маалымат каражаттарына көп чыкпай калдыңыз. Себеби бардыр?

-Ооба, азыр мурдагыдай радио, телевиденилерге барбай калгам. Айрым учурларда чакырган тарап менен пикир келиштестиктер, түшүнбөстүктөр да болуп кетет экен. Азыр “Кыргызстан обондору” радиосу менен эле иштешип жатам. Заман агымына жараша өзүмдүн баракчаларым аркылуу жакшы маалыматтарымды бөлүшүп, чыгармаларымды ютуб каналымдан элге тартуулап келем.

-Бала чагыңызга кайрылсак, эсиңизде калган көз ирмемдер…

-Балалыкты эстөө менен сонун учурларды кайрадан көз алдыңа тартып ырахат аласың да. Менин балалыгым Панфилов районуна караштуу XV Партсъез айылында өттү. Талаага мал жайчубуз. Бирөөнүн айдоосуна кирип кетет деп бизди кайтартып коёр эле. Кичирээк кезимде мал кайтардым, кийин чоңоюп калганда кызылчага чыкчумун. Талаада иштеп жатып үнүмдү болушунча чыгарып ырдачумун. Кундун ысыгына карабай кызылча отойбуз, түштө жанымдагылар тамактанууга отурганда чуркап барып сууга түшуп алууга да жетишчүмүн. Айтор эң жакшы күндөр балалыгымда калган.

-Кичинекей  Курал балдардан эмнеси менен айырмаланчу?..

-Балдар менен ойногондобу же башка жумуштабы айтор мен дайыма чынчылдык менен калыстыктан тайчу эмесмин. Бирөөнү алдап же калп айтуу деген мага жат сезим эле. Менин айырмам калыстыгым болсо керек. Азыр да ошол сапатым бар.

-Ырчы болуп калууңузга эмне себепкер болду?  Жакындарыңыздын кимиси ыр дүйнөсүнө жакын эле?

-Менин атам , апам, тайкелеримдин баары ыр жандуу адамдар десем болот.  Атам аккардиондо ойноп ырдап калат. Апам да жакшы ырдайт, той – аштарда ырдап калчу. Бала кезимде ыр жандуу адамдардын жанында көп болуп, кошуна айылдаш байкелердин гитара менен ырдаганын угуп суктанып, кээде алардын гитарасын алып окшоштуруп чертип ырдап жүрүп ыр жаатына тартылып кеттим окшойт.

-Стилиңиз өзгөчө, кайсы стилистин кеңешин көп кабыл аласыз?

— Шляпа менин стилим дебейинби. Итальялык актер, музыкант Адрионо Челентанонун кумиримин, айрым учурда ага карап түздөнүп, стилимди түзүп алам. Башкалардай болуп стилиске барып, алардын кеңешин уга элекмин. Кыскасы табитим итальяндыктарга жакын.

-Өзүңүзгө сын көз караш менен баа бере аласызбы?

-Өзүнө сын бере алган адам өнүгөт эмеспи, албетте өзүмө сын көз караш менен мамиле жасап жакшы жактарымды, кемчилигимди көрүүгө аракет жасайм. Кемчиликтеримди байкап калсам жоюуга, жакшы жактарымды андан ары өнүктүрүүгө аракет кылам. Адам табыкмактуу болгондо гана кызыктуу дейт эмеспи, өзүмдөн өзүм тапкан кемчиликтеримди жашыруун эле кармайын.

-Эгерде сахна жылдызы болуп калбасаңыз, кайсы тармактын ээси болуп майын чыгарат элеңиз?

-Ырчы болбогон күндө деле чыгармачылык жаатта эмгектенмекмин. Бала кезимде сүрөттү жакшы тарчумун. Кол өнөрчүлүк менен да алектене калам. Жан дүйнөм тартып турат, үйдө бош боло калсам эле бир нерсе жасайм. Мисалга алсам коропкадан кичинекей үй же башка нерсе жасай калам. Аларды жасап жатканда кадимкидей эс алып ырахат алам. Кыскасы чыгармачылыктан алыс кетмек эмесмин.

-Балдарыңыздын арасынан сизди жолду тандай десе кандай кабыл аласыз?

-Балдар деле ата-энесин карап түзөлөт экен. Улуу кызым эч ким үйрөтпөсө деле бийлеп, тик-ток тартып ал жакка тартынбай бир нерселерди сүйлөп калат. Жан дүйнөсү чыгармачылыкка жакын. Бирок балдарымдын артист болушун каалабайм. Андан көрө билимдүү илимдүү болуп, кыргыздын илимий чөйрөсүнө салымдарын кошсо деген тилегим бар. Буюрса аларды билим жаатына көбүрөөк басым жасап тарбиялайм деп ойлоп коем. Эми чыгармачылык жаатында өзүн көрүп жатса анда алардын да тандоосун колдоого азыртадан даярмын.

Дамира СААЛИЕВА