Шоубизнес

Ырчы Курал Чокоев сүйүктүүсүнүн колун сурады

Ырчы Курал Чокоев эс алуу менен бирге жеке жашоосунда да жаңылык жасаганга жетишти. Тагыраагы, Түркияда эс алуу учурунда сүйүктүүсүнүн колун сураган. Бул боюнча ырчынын өзү менен байланышканыбызда: “Жеке жашоомду көп жарыя кыла бербейм, ошентсе да кыскача маалымат бере кетейин. Сүйүктүү кызымдын аты Жанара, 27 жашта. Көлдүн сулуусу болот. Эс алып жүргөндө таанышканбыз. Мен аны бир көрүп эле сүйдүм. Аябай шайыр, тентек, эрке кыз. Дал ушул сапаттары менен мени арбап алды. Негизи өзүмдү ишенимдүү адам катары билчүмүн. Бирок сүйүктүүмдүн колун сурап жатканда абдан сүрдөп, толкундандым”, – дейт сүйүүгө мас болгон Курал мырза.

Булак: “Супер Инфо” 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *