
Ырчы Бек Исраилов Орусиядагы «Ну-ка, все вместе!» сынагында жарым финалга чыкты
25-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЫрчы Бек Исраилов Орусиядагы «Ну-ка, все вместе!» сынагына катышып жатат. Бул тууралуу
ырчынын менеджери Чынара Саттарова билдирди.
«Бек мурдагы жылы «Славян базары» сынагына катышкан болчу. Бул сынакка ошол жактан
чакыруу алган. Буйруса, жарым финалга өтту. Жарым финал 27-августка белгиленген. Ал эми конкурстун финалы 3-сентябрда болот. Учурда сынакты видеого түшүрүү жумуштары жүрүп жатат. Эфирге финал бүткөн сон 5-сентябрдан кийин берип башташат экен. Бирок так
Датасын азырынча айтыша элек», — деп билдирди ал.
«Ну-ка, все вместе!» Орусиядагы популярдуу вокалдык сынактардын бири. Анда мыктыларды
калыстар тобунан турган 100 адам аныктайт.
| Буга чейин аталган сынактын жарым финалына дагы бир кыргызстандык ырчы, «Дельмар»
тобунун солисти Азат Раимбердиев да өткөнү белгилүү болгон болчу.
Булак: Аргумент кж