Ырчы Бегимай Бекбоеванын сөөгү кичи мекенинде жерге берилди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн, 19-январда ырчы Бегимай Бекбоеванын сөөгү кичи мекени Кочкор районунун Ак-Жар айылында жерге берилди. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну билдирди.

Маркум ырчы 17-январга караган түнү жүрөк оорусунан улам көз жумган.

Бегимай Бекбоева 1990-жылы 27-февралда Нарында туулган. Атасы Токторбек Бекбоев — обончу, аткаруучу. Апасы Жаңыл Кудайбергенова — актриса, куудул. Алгач сахнага 5- классында Каныкей Эралиеванын концертинде Асел Турдалиеванын «Эх, байке» деген ыры менен чыккан.

Репертуарында «Жаш жигит», «Кантем ай?», «Элесиң» жана башка ырлары бар.

Акыркы жылдары ден соолугуна байланыштуу сахнадан алыстап кеткен Бегимай Бекбоева 2019-жылдын жазында башынан шишик алдырганын айткан эле

Аргумент.kg