Ырчы Бегимай Бекбоева каза болду

Ырчы Бегимай Бекбоева каза болду

17-үчтүн айы, 2023-ж // Шоубизнес // Айпери Осмоналиева

Бүгүн, 17-нварга караган түнү ырчы Бегимай Бекбоева мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу кесиптеши Дайыр Исмадияров соцтармактагы баракчасына жазды.

“Кош бол, Бегимай. Жаркылдаган кыз элең, неге анча шаштың? Жаткан жериң жайлуу болсун”, — деп жазды ал.

Дайыр Исмадияров бул суук кабарды жакындарынан укканын жана башка чоо-жайынан кабарсыз экендигин билдирди. Анын айтымында, ырчынын сөөгүн бүгүн, 17-январда Кочкорго алып кетишет. Ырчынын эмне себептен каза болгону тууралуу азырынча айтыла элек.

Бекбоева1990-жылы 27-февралда Нарында төрөлгөн. Атасы Токторбек Бекбоев обончу, аткаруучу, актёр. Апасы Жаңыл Кудайбергенова актриса, куудул. Бегимай алгач сахнага 5-классында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Каныкей Эралиеванын концертинде Асел Турдалиеванын «Эх, байке» деген ыры менен чыккан. Бегимай Бекбоеванын репертуарындагы ырлары «Жаш жигит», «Атама», «Алыстарга».