Ырчы Бакыт Мамаев жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды. Ага чукул операция жасатуу керек

Ырчы Бакыт Мамаев жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды. Ага чукул операция жасатуу керек

04-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Белгилүү обончу, аткаруучу, каскадёр Бакыт Мамаев оор абалда ооруканага жаткырылып, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды. Бул туурасында анын санаалаштары билдирип, ырчыга жардам керек экенин айтышты.

«Учурда ага тез арада башына операция жасатуу зарыл болууда. Операция башына жасалат. Таланттын өмүрүн сактап калууга кол сунууңуздарды өтүнөбүз», — дешет маданият өкүлдөрү.

Алар белгилешкендей, Бакыт Мамаевге 7-ноябрга чейин 10000 доллар керек.

Булак: Аргумент кж