Ырчы Асема Токтобекова сахнага чыгып уят болду

Ырчы Асема Токтобекова сахнага чыгып уят болду

22-жалган куран, 2023-ж // Шоубизнес // Айпери Осмоналиева

Кечээ ырчы Асема Токтобекова Нооруз майрамына карата «Ала-Тоо» аянтында өткөн концертте  жандуу үнү менен ырдап, уят болду. Бул тууралуу Фейсбуктагы  баракчаларда видеолор жарыяланды.

Автордун айтымында,  ырчы айым фонограммасыз ырдап, үнү жетпей калып элдин талкуусунда калды.

Автордун катталуучулары:

«Мен дагы Асемадай  ырдап ырчы болсом , үнүм жетпей калса,  аппаратурага шылтоолоп койсом болот экен да» -деген сыяктуу комментариялар жайнап жатат.

Эскерте кетсек 2023-жылдан тарта  Кыргызстанда мамлекеттик жана ири иш-чараларда фонограмма менен ырдоого тыюу салынды. Бул тууралуу  маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов билдирген.

Булак: Аргумент.кж