Ырчы Асел Турдалиева кызматынан жогорулап, жаңы кызматка дайындалды

Ырчы Асел Турдалиева кызматынан жогорулап, жаңы кызматка дайындалды

20-бирдин айы, 2023-ж // Шоубизнес // Айпери Осмоналиева

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы, актриса, педагог Турдалиева Асел Алымкуловна Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин тарбия жана чыгармачылык иштер боюнча проректору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка аталган университеттин ректору Түмөнбай Колдошов кол койду.

Буга чейин Асел Турдалиева окуу жайдын сырттан окуу жана кадрларды кайра даярдоо факультетинин деканы болуп эмгектенип келген.