
Ымыркай төрөлгөндө аткарылуучу сүнөттөр
02-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЫмыркай төрөлгөндө аткарылчу сүннөт амалдар
Бала көрүп, ага жакшы тарбия берип, анын урмат-сыйын көрүү ар бир ата-эненин ыйык максаты. Балалуу болуу Алла тарабынан ата-энеге берилген чоң бакыт. Ал эми, балага татыктуу тарбия берип, ага тиешелүү милдеттерин аткаруу ата-эненин моюнундагы милдет. Динибизде бала төрөлгөн учурдан баштап кандай амалдарды жасоо керектиги айтылып өткөн. Сүннөттө келген бул амалдардын ар бири баланын жашоосунда өзүнчө мааниге ээ. Төмөндө аларга катары менен токтолуп өтөбүз:
1. Бала төрөлгөндө таза, ак түстөгү кездемеге ороп, чулгоо.
Пайгамбарыбыздын сүйүктүү небереси Хусайн төрөлгөндө, киндик энеси Савда аны сары түстөгү кездемеге орогон эле. Анан кызынын (Фатиманын) абалын сураганы келген пайгамбарыбыз ымыркайды ак кездемеге ороп-чулгагыла деп насаат кылган.
2. Жаңы төрөлгөн баланы таттуу нерсе менен оозандыруу (Тахник).
Курманын маңызы менен жаңы төрөлгөн баланы оозандыруу да сүннөт болуп эсептелет. Айша энебиз айтат: “Сахабалар жаңы төрөлгөн балдарын пайгамбарыбызга көтөрүп келишчү, ал болсо курманын маңызын шилекейлеп баланы оозандырып, жакшы дуба кылчу”.
3. Баланын кулагына азан айтуу.
Наристенин оң кулагына азан, сол кулагына икоомат айтуу да сүннөт. Мындай кылууну пайгамбарыбыз насаат кылып айтып өткөн жана неберелери Хасан менен Хусайн төрөлгөндө бул амалды иш жүзүндө аткарган.
4. Сүйүнчү айтуу жана сүйүнчүнүн акысын берүү.
Пайгамбарыбыздын Ибрахим аттуу уулу төрөлгөндө, сүйүнчү айтып келген Абу Рафиге пайгамбарыбыз белек берип узаткан жана адамдарды сый тамакка чакырган. Бул акыйка б.а. жентек тойдон башка сый тамак болуп эсептелет.
5. Балага жакшы ат коюу.
Пайгамбарыбыз (САВ): “…балдарыңарга жакшы ат койгула!” – деп буйруган. Мындан сырткары Ислам дини келгенге чейин туура эмес мааниде ат коюлуп калган кээ бир сахабалардын аттарын өзгөртүүгө буйруган.
6. Балага жентек той берүү (Акыйка).
Эгерде уул төрөлсө эки кой, кыз төрөлсө бир кой союп, элге тамак берүү да сүннөт болуп эсептелет. Сүннөт боюнча бала төрөлгөндүн жетинчи, же он төртүнчү, же жыйырма биринчи күнү жентек той берүү жакшы.
7. Наристенин карын чачынын салмагындай садака берүү.
Наристенин карын чачын алып, анын салмагындай алтын же күмүш садака берүү сүннөт. Айтымдарда пайгамбарыбыз (САВ) кызы Фатима төрөлгөндө, анын чачын кырып, ошонун салмагындай күмүш садака берген.
8. Балдарды (эркек) сүннөткө олтургузуу.
Сүннөткө олтургузууда атайы дайындалган жаш өзгөчөлүгү жок, бала балакат жашка жеткенче аткарылуусу керек. Пайгамбарыбыз (САВ) неберелери Хасан менен Хусайнды төрөлгөндөн кийин жетинчи күнү сүннөткө отургузган.
Булак:Аргумент кж