
“Ыйык жерде ырым кылганбыз”. Сулайман-Тоодо жыныстык катнашка барган жаран үн катты
09-жалган куран, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваОш шаарынын чок ортосунда жайгашкан Сулайман-Тоосунда белгисиз кыз-жигит чак түштө жыныстык катнашка барган.
Буга Сулайман-Тоого эс алууга чыккан жаран күбө болгонун, mekendesh_kg_ru баракчасына билдирген.
Ал ортодо ошол видеодогу жаран экенин айткан жигит биздин порталга кайрылды.
«Биз турмуш курганыбызга 4 жылдай болуп калды, балалуу боло элекпиз. Врачтарга кайрылып, жакшы жыйынтык болбогондуктан бакшыга көрүндүк эле, ушундай кеңеш берди. Сулайман-Тоодогу эч ким жок жерде болдук. Муну ким тартып алаңып тараткан болсо ниети бузук адам экен»,-дейт.
Булак: Мекендеш.пресс