
«whatsapp» тайпа аркылуу алдоо жолу менен акча алган
07-теке, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева«whatsapp» тайпасы аркылуу «акча көбөйтүп берем «- деп алдамчылык кылган аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта, 2023-жылдын июнь айынын аягында Сокулук РИИБге арыз менен Кун-Туу айылынын А.Ж. аттуу жашоочусу кайрылган. Анын айтуусунда “А” аттуу аял «whatsapp» мессенджеринде бир нече тайпаларды түзүп, “кыска аралыкта акча каражатын эки эсеге көбөйтүп берем”-деп алдап 187 000 сом акча каражатын котортуп алган.
Арыздын негизинде Сокулук РИИБге катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда кийинки жагдай такталган. «А» аттуу аял «whatsapp» мессенджеринде катышуучулары карапайым жана улуу курактагы адамдардан турган бир нече тайпаларды түзүп, аларга “кыска убакыттын ичинде акчаларын эки эсе көбөйтүп берем” деп алдоо жолу менен акча каражаттарын чоң суммадагы акча каражатын котортуп алганы белгилүү болгон. Учурда тергөө кызматына аталган аялга чара көрүү боюнча бир топ жарандардан арыздар түшүп, алдап алынган акча каражаты 10 миллион сомдон ашык экени такталды.
Сокулук РИИБтин ЭММКАКтын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-иликтөө
иш-аракеттеринин натыйжасында «А» аттуу аял Бишкек шаарынын тургуну
1985-жылы туулган Ж.А. экендиги аныкталып, кылмышка шектүү катары
кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.
Ушун каржы пирамидасына алданып катталып, акчасын алдатып алган жарандар Сокулук РИИБге 03134 53380, 0706 360006, 0552360006 (Ватсапп),
0700343803 телефондоруна кайрылса болот.
Булак: Аргумент.кж