Владимир Путин ,Садыр Жапаровго өзүнчө отуруп тамактануу сунушун киргизди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Владимир Путин Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунда протоколдон сырткары өзүнчө отуруп тамактануу сунушун киргизди. Бул «эки өлкөнүн мамилеси жакшы» дегенди билдире турганын тышкы иштер министринин орун басары Асеин Исаев Биринчи радиого курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, эки өлкө лидерлеринин жолугушуусу өзгөчө болду. Анткени протокол боюнча адегенде тар чөйрөдө — президенттер гана, андан соң делегациянын бардык мүчөлөрү катышкан жалпы жыйын болот.

«Бул жерде Россиянын президенти башкача сунуш кылды. Ал «азыр делегациянын мүчөлөрүн угалы» деди. Көрдүңүзбү, деңгээл кандай? Айыл чарба, экономика, энергетика жаатында өзүнчө сөз болуп, жалгыз эле президенттер эмес, өкмөттүн жыйынындай өттү. Себеби ортодо өтө өнүккөн мамилелер бар», — деди Исаев.

Булак:Аргумент кж

 

Аргумент.kg