Видеочакыруудан жылаңач киши чалгандан кийин, күйөөм мага ишенбей калды…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ушул телефон, интернеттин айынан азапка калдым десем жаңылбайм. Учурда үч уулум бар. Кудайга шүгүр, бирок, болбогон жерден балдарым да кайгы тартты. Мындан бир жыл мурун гив оюндарга катышкам. Эрежеде профиль ачык болуп, жеке сүрөт болуш керек экен. Мен аны аткаргам. Анан бир күнү түндө уктап жатсак эле видеочакыруу менен бирөө чалып жаткан экен. Күйөөм кошо карай калды. Алсам эле жылаңач эркек экен. Шок болдук. Ошондон бери күйөөм мага ишенбейт, “бирөө менен жүрөсүң, ошол чалды” дейт. Бир жылдан бери кулагымды жеп салды. Мен Кудайдын алдында акмын, бирок айтсам да түшүнбөйт. Көрсө, видеочалуу менен катталбаса деле чала берсе болот экен. Кимдин башынан ушундай окуя өттү эле? Кеңеш бергилечи? Сыгылып бүттүм. Күйөөмө актыгымды кантип далилдесем болот?

Аргумент.kg