ВИДЕО — 173-маршруттук каттамдын айдоочусу окуучу балага кол көтөргөн

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кечээ, 15-сентябрь күнү 173-маршруттук таксинин айдоочусу окуучу баланы уруп салган. Андан улам жүргүнчүлөр менен урушуп жаткан видео социалдык тармактарга тарады.

black_list.kg инстаграм баракчасына жүктөлгөн видеого жана маалыматка караганда, айдоочу эшикти тарс жаап салган өспүрүмдү (ал 15-16 жашта) бетке муштап жиберген. Күч менен ургандыктан бала учуп кетип, арыкка кулап түшкөн. Жүргүнчүлөр аны араң токтотушкандан кийинки көрүнүшү видеого жаздырылып калган.

Видеодон балага болушкан жүргүнчүлөрдү сөгүп жатканын көрүүгө болот.

Азырынча укук коргоо органдары тарабынан бул айдоочуга кандай аракеттер көрүлгөнү туурасында маалыматтар тарай элек.

 

Аргумент.kg