Талас ОИИБдин кызматкерлери кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата атайын тасма тартты. Бул тууралуу түзүмдүн басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.
«Тасмада милициянын күнүмдүк жашоосу көрсөтүлгөн. Милиция кызматкери ар кандай кырдаалда, күн-түндөп жеке жашоону экинчи орунга коюп, мамлекеттин тынчтыгын коргойт. Ошондуктан тартип сакчыларынын күнүмдүк ишин чагылдырган кыска тасма тарттык», – деди Сарногоева.