Бүгүн, 30-июль күнү таңкы саат 05:00 чамасында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймактарында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда,Кескен-Бел участогундагы жолду, Кара-Талаа жана Шор-Булак айылдарынын ортосундагы жолду, Оттук айылынын жолун, Кара-Талаа жана Ак-Олон айылдарын сел каптап, жолдорго кум шагыл толуп калган.

https://www.instagram.com/p/CR8ICRmo_jp/?utm_source=ig_web_copy_link

Оттук айылында турак үйлөрдүн короолорун жана унаа жолдорду сел суулары каптады. Жерине тактоо жана селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүү үчүн жол коопсуздук кызматы жана Тоң райондук №38 ӨКБдан 20 куткаруучу тартылды. Жабыркагандар катталган эмес.