
ВИДЕО — Түркияда 20 күндүк ымыркай урандылардын астынан тирүү табылды
10-бирдин айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваТүркиядагы коркунучтуу жер титирөөдөн аман калгандарды издөө-куткаруу иштери уланууда.
Табигый кырсыктан бир нече күн өтсө да урандылардын астында тирүү адамдар бар деген үмүт бар.
Хатай облусунда үй урандыларынын астында калган 20 күндүк ымыркайдын куткарылышы дагы бир кереметтүү учур болду.
60 саат урандылардын асытнда жаткан ымыркайды алып чыккан куткаруучулар кийимдерин алмаштырып, жылытып, кароодон өткөрүшкөн. Анын абалы канааттандырарлык экени маалым болду.
Куткарылган ымыркайдын өздүгүн такталды. Анын аты-жөнү Керем Агырташ.