Социалдык тармактарда өзүн “Тазалык” ишканасынан тааныштырып, элден 200 сом талап кылып жүргөн жарандын видеосу тарап жатат. Ал эми чогултулган акча Республикалык салык кызматынын эсебине түшөт деп ишендирүүдө.

Бирок, Кыргызстанда мындай кызмат жок. Республикалык эмес Салык кызматы бар. Ал эми шаар тургундары жаранга өзүн тааныштырып коюу өтүнүчүн келтиргенде видеодогу адам ал Садыр Жапаровдон келгендигин айтууда.

Күбөлөрдүн айтымында, жада калса өзүн “Тазалыктын” кызматкеримин деп тааныштырган адам “Төлөндү” делген мөөрү менен квитанция таратып жүргөндүгүн айтышат. Бирок, анда мөөр кайсыл мекемеге таандык экендиги жана кайсыл тейлөө үчүн каражат төлөнгөндүгү тууралуу маалымат жок.

Социалдык тармактын колдонуучулары ошондой эле бул жаран “Дордой” базарында унаа токтотуучу жайда акча чогултуп, кээ бир дүкөндөргө электрик, сантехник болуп кирип, акча талап кылып жүргөндүгүн белгилешет.

Белгилей кетсек, жакында президенттин басма-сөз кызматы расмий билдирүү жасап, анда президент Садыр Жапаровдун атын жамынып, акча талап кылып кылгандарга ишенбөөгө чакырган.