ВИДЕО-Окуучу кызды бир нече кыз мыкаачылык менен сабады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жетисуу облусунун полициясы Талдыкорганда окуучу кыздын сабалышы боюнча иликтөө башталганын билдирди. Бул тууралуу   Ulysmedia.kz  жазып чыкты:

Соцтармактарда уруп-согуп жаткан учурдун үрөй учурган кадрлары тарады.

Милиция видео 9-январда Талдыкоргандагы батирлердин биринде тартылганын билдирди. Окуянын бардык катышуучулары буга чейин аныкталып, сурамжыланган. Алар жашы жете элек   облус борборундагы жана Каратал районундагы түрдүү окуу жайларында билим алышары белгилүү болгон.

Белгилей кетсек, жабырлануучу (таенеси менен) расмий арыз менен милицияга кайрылуудан баш тарткан.

Кандай болгон күндө да Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 73-1-беренеси (ден соолукка атайылап жеңил залал келтирүү) боюнча административдик иш козголгон. Кол салууга шектелгендер боюнча материалдар акимчиликке караштуу жашы жете электердин укуктарын коргоо комиссиясынын кароосуна жиберилди.

 

Аргумент.kg