Табиятын кубулушунан улам дүйнөнүн ар тарабында сел жүрүп же башка кырсыктар катталууда. Ушул жайдын аптабында Индияда кырк жылдан ашуун жаай элек катуу жандын илеби жашоочуларга кырсык алып келди. Көз ачырбай тынымсыз нөшөрлөп жааган жаандан улам Мумбайдын түштүк чыгыш аймагынын жашоочулары жабыр тартышууда. Кээ бирлери жакындарын жоготуп айрымдары сөөгүн таппай жаткан учуру. Жашоочулардын айтымында мындай чакалап куйган жаан  кырк жылдан ашуун убакыттан бери жаай элек болучу. Ал эми турак жайынан айрылган тургудар атайын пунктарда баш калкалашууда.