ВИДЕО — Кара-Жыгачтагы балдар үйүнүн 2-кабаты толук күйүп кетти

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кара-Жыгач айылында жайгашкан балдар үйүнөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Маалматка ылайык, кечээ, 13-январь саат 19:00 чамасында Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында жайгашкан балдар үйүнөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ал жерге ыкчам түрдө эки өрт өчүрүүчү бөлүм жана ыкчам нөөмөт кызматы тартылган. Мекеменин ичинен тарбиячылары жана балдар эвакуацияланган. Жабыркагандар жок.

«Өрт саат 20:13тө чектөөгө алынып, толук саат 23:08де өчүрүлдү. Натыйжада жыгач устундуу темир менен жабылган аянты 320 чарчы метр эки кабаттуу балдар үйүнүн чатыры, экинчи кабаты буюмдары менен толук күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда», — деп айтылат мааыматта.

Аргумент.kg