ВИДЕО — Илим Карыпбеков: «Сөгүнүп, «тишин санап, чачын жулуп» жаткан «аконитке» эмнеге эч ким кой дебейт»
16-жалган куран, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваСаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин азыркы кылып жаткан иштери коомдо жаш өсүп келе жаткан жаштарга терс таасир тийгизет. Мындай пикирин юрист Илим Карыпбеков билдирди.
«Мен, негизи, Алымкадыр Бейшеналиев менен жакындан тааныш же жердеш эмесмин. Ал мага жакшылык да, жамандык да кылган эмес. Бирок анын азыркы жүргүзүп жаткан реформасына кейип, өз оюмду билдирүүнү чечтим.
«Аконит» министрдин өзүнүн деңгээлине карабай туруп, сөгүнүп, оозуна келгенди айтып, «тишин санап, чачын жулуп» жатканы коомдо өсүп келе жаткан жаш муунга терс тарбиянын үлгүсүн көрсөтүп жатат. Анткени, алар «демек, азыркы коомдо билим менен маданияттуу болуунун деле кажети жок экен. «Президенттин эрке баласы» болуп, бирөөнүнү колтугуна кирип алса эле болду экен» деп ойлой башташат. Тез арада бул министрге чара көрүлбөсө арты жаман болот. Акыры азыр аны колдоп жаткан элдерди да бир күнү өз үйлөрүнөн да кууп чыгышы мүмүкүн.
Алымкадыр Бейшеналиевдин бул жосунсуз жоругуна «кой» дей турган жогору жактагылар эмне кылып отурат? Негизи, мыйзамда «преступное бездействие»деген бар. Кылмышты кандайдыр бир иш аракеттер менен эмес, унчукпай отуруп деле жасаса болот. Мына азыр бийликтегилердин «аконит» министрдин кылгандарына эч кандай реакция кылбай, карап отурганынын өзү да кылмыш болуп калат. Урматтуу жогору жактагы адамдар, «акониттин» кылгандарына унчукпай, көз жумуп коюп, сиздер мамлекеттин пайдубалын уратып жатасыздар», — деди Карыпбеков.